23.10.2018 10:00

УКМКнын абагындагы депутаттын абалы начарлап, «Тез жардам» кызматы чакырылды

УКМКнын абагындагы депутаттын абалы начарлап, «Тез жардам» кызматы чакырылды

УКМКнын тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге «Тез жардам» кызматы чакырылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалым болгондой, Артыкбаев өзүн жаман сезгендиктен ага биринчи жардам көрсөтүлгөн. «Учурда анын жанында биздин дарыгерлер бар. Абалы туруктуу», - дешти УКМКдан.

Эске салсак, Осмонбек Артыкбаев 5-июндан бери УКМКнын тергөө абагында отурат. Ага Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча кылмыш иши козголгон.